Menu

Орусияда космодромдорду башкарган аял Uzbekistan Airports компаниясынын башчысы болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Uzbekistan Airports компаниясынын башкармалыгынын төрайымы болуп Рано Жураева дайындалды. Бул тууралуу Gazeta.uz сайты өзбек өкмөтүндөгү өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, Жураеваны компаниянын жамаатына өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов 22-февралда тааныштырды.

Москва авиациялык институтун аяктаган Рано Жураева техника илимдеринин кандидаты даражасына ээ. Ошондой эле ал Бүткүл орусиялык тышкы саясат академиясында эл аралык экономикалык мамилелер адистиги боюнча, Гарвард бизнес-мектебинде каржы менеджментинин стратегиялары багытында билим алган.

Буга чейин Жураева Космостук инфраструктуранын жер бетиндеги объектилерин иштетүү борборун (Роскосмостун ишканасы) жетектеп, «C7 космостук транспорт системалары» (S7 Space) жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору болуп иштеген.

Күн мурун «Өзбекстан аба жолдору» компаниясынын башчысы да алмашып, бул кызматка 41 жаштагы Ильхом Махкамов дайындалган. Ошол эле күнү өзбек парламентинин төмөнкү палатасы анын талапкерлигин транспорт министри кызматына жактырган. Эми ал бир убакта эки мекемени башкарып калат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: