Кой-Таш операциясынын шалаакылык иретинде жүргүзүлгөнү, андан сырткары коомдук коопсуздук абалдын ойдогудай болбой жатышы, милиция кызматкерлери барган сайын кылмышкерлер менен “жытташып” баратканы, реформанын кечеңдегени, айтор, толгон-токой алешемдиктердин негизинде Кашкар Жунушалиевдин ИИМ жетекчилигинен кете турганы айтыла баштады. Өзү болсо кемчиликтерин мойнуна албай, тырышып отурат. Ал эми реалдуу талаптарды эске алсак, коомдук активисттер Кашкар Жунушалиевге кылмыш ишин козгоону талап кылышууда. Президенттик аппарат деле чуулгандуу аткаминерден тажады го.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ