Menu

Кожобек Рыспаев, депутат: “Батыралиев «байский замашкаларды» кылып баштады”

Бөлүшүү:

– Кожобек мырза,социалдык комитеттин отурумунда сиз саламаттык сактоо министрин катуу сынга алдыңыз. Буга олуттуу себептер барбы?

– Мен ал сынды мага келген кайрылуулардын негизинде айткам. Тиешелүү комитетке жиберип, протоколдук тапшырма берип, «жумушчу топ түзгүлө, мен дагы кирем комиссияга, текшерип чыкпасак бул жерде аябай көйгөйлүү маселелер көбөйүп баратат» дегем. «Жыйырма жыл иштептир, отуз жыл иштептир» деген шылтоо менен биздин мыкты адистерибизди, профессор, докторлорубузду жумуштан кетирип жатат. Батыралиев келгенден бери 120 жетекчи жумуштан бошоптур. Баарына тең калыстык кылбай, бул өзүнчө эле премьер-министрдей болуп, каалаган кишисин узатып коёт экен, каалаганын «и.о» кылып коёт экен, каалабаганын жумуштан четтетип коёт экен. Бул ошол жерде коррупциялык элементтин бар экендигинен кабар берет. Ар кандай адам «аа, акча берсе калып, акча берсебе кетет экен да» деп ойлонот. Мындай сөздөр көп болуп жатат. Мындан тышкары, өзүнүн тармагына ылыйыктуу (өзү кардиолог экен) жабдууларды иштеткени, ошол жакка ооруларды жибергени, алардын баасынын кымбаттыгы, иши кылып, көптөгөн жагдайлар бар. Анан жанагы дары менен камсыздоодогу чыр-чатактар, курамында наркотикалык заттар бар дарылардын өтүп атканы, башкы прокуратуранын иш козгогону… айтор, көптөгөн далилдер бар. Ошон үчүн биз жумушчу топ түздүк. Муну текшерип, аягына чыгып туруп парламентке алып чыгабыз.

– Сиз жетекчилерди жаш курагына шылтоолоп кетирет экен деп да айтттыңыз…

– Өзү 57де экен, элүү бештегилерди кетирип атат, элүү эки жаштагьшарды жумушка коюп атат. Иши кылса, министрликти башаламандыкка алып бара жатат. Өзү калп нерсени көп сүйлөп, депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүнө комментарий берип, айтор, «байский замашкаларды» кылып баштады. Бул туура эмес деп ойлойм. Себеп дегенде, депутат ага элдин үнүн, көйгөйлүү маселелерин жеткирип турушу керек. Ошондо баланс болот. Анан ар бир министр чыгып алып каалагандай айта берсе, бул өзүнө эле минус да.

– Комитет, кеңешме болгон сайын эле Батыралиевди «тепкилеп» жатып каласыздар. Бирок, эч натыйжа жок.

– Кеп тепкилегенде эмес. Депутаттар анын туура эмес жагын айтып жатышат. Бирок, ошого карабастан, бул түшпөс хан болуп келатат. Мындайларды бөлөк тармакта болсо небак эле алып салмак. Муну эмне себептен кармап атат, мен да түшүнбөйм…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: