Menu

Самаковго козголгон кылмыш иштин “заказчигин” Салянова айтып берет…

Бөлүшүү:

Карганбек Самаков. Бул ысымды Кыргыз эли “Манас” үчилтигин Кыргызстандын атынан Юнесконун маданий мурастар тизмесине каттаткан мекенчил инсан катары билери талашсыз. Бирок, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 2015-жылы 16-майда Карганбек Самаковдун үстүнөн КЖКнын 303-беренеси менен кылмыш ишин козгоп, жер иштерине байланыштуу чуулгандуу соттук териштирүүлөр бүгүнкү күнгө чейин созулуп, бүтпөй келгени коомчулукту эки анжы пикирге алып келип отурат. “Чубактын кунундай чубалган” бул окуяны биздин редакциянын чыгармачыл жамааты да тыкыр иликтеп чыкты. Учурдун урунттуу окуяларынын бири болгондуктан плюрализм принциптерин эске алып, коомчулукка калыс пикирибизди билдирип коюуну туура таптык.

Алгач тактоо иретинде Карганбек Самаковдун 2005-жылдан берки өмүр баянына токтолуп кетели: К. Самаков 2006-жылы “Ата-Мекен” саясый партиясынын эл аралык иштер жана чет өлкөлөрдөн инвестиция тартуу боюнча орунбасары. 2007-жылы жаңы кабыл алынган Конституция боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары таркатылгандан кийин, 2007-жылы “Ата-Мекен” саясый партиясынын тизмеси менен К. Самаков КР ЖКнын депутаттыгына талапкер болуп шайлоого катышкан. Башка “Ата-Мекенчилердей” эле Карганбек Самаков да Бакиевдин бийлигине радикалдуу оппозициялык көз карашта болуп, митинг-пикеттерге чыгып нааразы пикирин расмий билдирген. 2007-жылы “Ата-Мекен” саясый партиясы толугу менен шайлоодон утулуп калып, “Ата-Мекенчилер” депутаттык мандатынан кол жууп, мамлекеттик структураларда иштеген эмес. Карганбек Самаков да 2007–2010-жылдар аралыгында бизнес чөйрөсүндө эмгектенген. “Апрель төңкөрүшүнөн” кийин 2010-жылы “Ата-Мекен” саясый партиясынын тизмеси менен КР ЖКга депутат болуп кайра шайланган.

Демек, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Карганбек Самаковдун үстүнөн кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси менен кылмыш ишин козгогону мыйзам бузууга жатат деп айтууга негиз бар. Анткени, К. Самаков 2007–2010-жылдары мамлекеттик кызматта 1 (бир) күн да иштеген эмес. КРнын катардагы жараны болгон. Башкы прокуратура “Карганбек Самаков 2008-жылы Жаныш Бакиев менен ич-ара жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, коррупциялык жол менен Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу “Лебединовка,” “Кара-Жыгач,” “Байтик” айыл өкмөттөрүнөн 262 га жерди мыйзамсыз трансформациялатып алган”-деген тыянак менен аргументтүү далили жок кылмыш иши козгогон. Карганбек Самаков 2008-жылы мамлекеттик кызматта иштебесе, Бакиевдин бийлигине радикалдуу оппозициялык көз карашта болсо, анан кантип ал коррупциялык жол менен сүйлөшүүлөргө барып, жерлерди трансформациялатып алат?!

Айыл-чарба багытындагы жерлерди (трансформациялоо) калктуу пункт категориясына өткөрүү боюнча КРнын өкмөтүнүн токтомун чыгарган ошол кездеги премьер-министр И. Чудинов баш болуп тиешелүү аппарат кызматкерлери менен бирдикте, “Лебединовка,” “Кара-Жыгач,” “Байтик” айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөт башчылары, Аламүдүн районунун, Чүй облусунун трансформацияга катышкан жетекчилери толугу менен Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү тарабынан соттук териштирүүгө чакырылып, жалпы 61 (алтымыш бир) күбө сотто көрсөтмө берди. Алтымыш адамдын баары жерлерди трансформациялоо мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн, трансформациялоого К. Самаковдун эч кандай тиешеси жок экенин айтып далилдеп беришти. Карганбек Самаков трансформация болгон жерлерди жеке менчик жер ээлеринен накталай өз акчасына мыйзам чегинде, адилет сатып алганы, анын бул иште күнөөсү жок экени соттук териштирүүнүн жүрүшүндө толугу менен күбөлөр тарабынан аныкталды.

Мына ушунун баарын саресептен өткөрүп, иликтеп карап отуруп: Карганбек Самаковдун Кыргыз Эли үчүн жасаган зор эмгегинин негизинде калк арасында кадыр-баркы өсүп баратканын көрө албаган душмандары: “мындай абройго ээ болсо бул президент болуп кетет…”-деген арам ой менен кооптонуп, жок жеринен жалаа жаап, ак жеринен каралап, карандай доомат артып жатканын байкоого болот. Маселен: жолду жонуп жейм, — ​деп жолу болбой калган КРнын экс премьер-министри Темир Сариев КРнын Конституциясынын 12-беренесин, КЖКнын 304-беренесин, жер кодексинин 222-беренесин бузуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, КРнын экс премьер-министри И. Чудиновдун 11. 10. 2008-жылы чыгарган айыл чарба багытындагы жерди, калктуу конуштар категориясына өткөрүү боюнча № 574-токтомун 03. 09. 2015-жылы өзүнүн № 616-токтому менен жокко чыгарган. КРнын мыйзамдарына ылайык премьер-министрдин токтомун сот гана жокко чыгарууга укуктуу эмеспи? Кызматтык кылмыш ишин жасоо менен И. Чудиновдун токтомун жокко чыгарууга Темир Сариев эмнеге мынча ашыкты?-деген жоопсуз суроо коомчулукту түйшөлтүп келет. Мындан эмнени түшүнүүгө болот?! “Ууру качты кармагыла, — ​деп ууру жүрөт кыйкырып” деген коомдо жашап аткан жокпузбу?! Акыйкаттык кайда? Ким мыйзамды бузуп жатат?

Сот процессинин жүрүшүндө Карганбек Самаковдун үстүнөн козголгон кылмыш ишин териштирип жаткан Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынан КРнын Башкы прокуратурасынын мамлекеттик айыптоочулары Карганбек Самаковду үй мүлкүн конфискациялоо менен 19 (он тогуз) жылга эркинен ажыратууну сурады. Аны уккан сот отурумунун катышуучулары, адвокаттар, журналисттер, соттолуучулардын жакындары, жалпы эле коомчулук Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоочулары эмнеге негиздеп Карганбек Самаковду 19 жыл эркинен ажыратууну сурады?-деп суроосуна жооп ала албай, таң калып келүүдө. Бул маалымат менен кабардар болгон Кыргыз Республикасынын интеллигенция өкүлдөрү, маданият кызматкерлери, жарандык коом: “КРнын Башкы прокуратурсынын мамлекеттик айыптоочуларынын Карганбек Самаковго 19 жыл сураганы аша чапкандык…”-деп айтып жалпыга маалымдоо каражаттарынан, интернет булактарынан, социялдык тармактардан акыйкат пикирлерин билдире баштады. Соттолуучулардын тарапташтары жер-жерлерде тынчтык митингдерге чыгып, сот отурумуна төрагалык кылуучу Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкуловдон акыйкат чечим талап кылууда.

Жогоруда биз баса белгилеп өткөндөй КРнын Башкы прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан сотко чакырылган 61 күбөнүн, алтымышы: “И. Чудиновдун 2008-жылы чыгарган айыл чарба багытындагы жерлерди, калктуу конуштар категориясына өткөрүү боюнча № 574-токтомунун негизинде жерлерди трансформациялоодо Карганбек Самаковдун, И. Чудиновдун, И. Айдаралиевдин эч кандай күнөөсү жок. Айылдык кеңештин депутаттары, райондук, облустук жетекчилер толугу менен жеке менчик жер ээлеринин талабына ылайык, мыйзам чегинде иш алып барып, аягында андагы өкмөт башчы И. Чудинов мыйзамдуу токтом чыгарып берген. Бул кылмыш иши көралбастар тарабынан К. Самаковго, И. Чудиновго, И. Айдаралиевге каршы уюштурулган саясый буюртма! 2005–2015-жылдардын аралыгында 46 000 (кырк алты миң) гектар айыл чарба багытындагы жерлер трансформация болгон. Андай болсо, анын баарынын мыйзамдуулугун карап чыгыш керек…”-деп көрсөтмө берди.

Эгерде чындап эле саясый буюртма болсо, анда кимдин “заказы” менен аткарылууда?! Башкы прокуратураны ордунан козгогон ал кайсы олуттуу саясый фигура?! Сот ал олуттуу саясый фигуранын башын аттап, акыйкат чечим чыгара алабы?! Бул кылмыш иши Аида Салянова Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын жетектеп турган мезгилде козголгон. А. Салянова кызматтан кеткенден кийин да козголгон кылмыш иши өз күчүн жоготкон жок. Демек, бул иштин “заказчигин” аныктоого болот. “Платон мне друг, но истина дороже,” дегендей мүмкүн, жүрөгүнө колун коюп Аида айым бүгүн чындыкты айтып берет. Учурда А. Салянованын өзүнүн абалы да И. Чудинов, И. Айдаралиев, К. Самаковдукунан жакшы эмес. Ага да Сократ айткан чындык баарынан кымбат болуп калышы толук ыктымал. Мындай оркойгон кемчилдик менен, оркойгон кылмыш ишин козгогонго Башкы прокуратурага эмне зарылчылык болгонун карапайым эл билсе калыстык болмок. Же Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Индира Жолдубаева өзү көшөгө артындагы “заказчиктердин” бет пардасын сыйрып береби?! Баарына мезгил тараза. Чындыкты эч ким айтпаса, анда акыры чындык өз сөзүн өзү айтат…

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: