Menu

АКШ БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине кайра кирүүгө ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин видеокайрылуусу

АКШ Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешине кайра кирүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен кеңештин 24-февралда Женева шаарында өткөн 46-сессиясынын катышуучуларына жолдогон видеокайрылуусунда билдирди.

«Вашингтон кеңешке 2022-жылдан 2024-жылга чейин мүчө болууга билдирме жөнөтөт. БУУга мүчө бардык өлкөлөрдөн биздин бул органга кайтып келишибизди колдоону өтүнөбүз», — деди Блинкен.

АКШ БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен 2018-жылы июнда чыккан. Анда өлкөнүн ошол кездеги президенти Дональд Трамп бул өкмөттөр аралык органдын Израилге карата мамилесин сындап, ал реформага муктаж экенин билдирген.

Блинкендин айтымында, Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы мурдагы өкмөттүн бул сындарын жарым-жартылай колдойт. Ошол эле маалда Вашингтон кеңешке мүчө өлкөлөр адам укуктары боюнча «жогорку стандарттарга» жооп бере турганына ынангысы келет.

47 мүчөсү бар кеңештин үч жылдык курамын шайлоо быйыл октябрда БУУнун Башкы Ассамблеясында өтүшү керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: