Menu

Фото – Президент Садыр Жапаров Татарстан Президенти Рустам Минниханов менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  24-февралда Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-татар эки тараптуу байланыштарынын келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Татарстан элдерин маданиятынын, тилинин окшоштугу, бир дин, жалпы каада-салттар бириктирип турарын жана аларды колдоо зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Кыргызстан бүгүнкү күндө Россиянын өнүккөн аймактарынын катарына кирген Татарстандагы ийгиликтерге канааттануу менен көз салып тургандыгын кошумчалады.

Ал Рустам Миннихановдун кыргыз-татар эки тараптуу байланыштарын өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө ынтаа коюу менен мамиле кылгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
«Биз ар дайым тыгыз кызматташууга, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгындагы экономикалык, соода, маданий байланыштарды өнүктүрүүгө ынтызарбыз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Татарстан Президенти Рустам Минниханов эки тараптын өз ара достук жана натыйжалуу байланыштарын колдоо өтө маанилүү экендигине токтолду.

Анын пикири боюнча, Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы экономиканы жана байланыштарды өнүктүрүү менен жаратман процесстерге көңүл буруу керек.

Рустам Минниханов электрондук башкаруу, инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу жана башка чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: