Menu

Садыр Жапаров Өзбекстанга барат

Бөлүшүү:

Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 22-февралда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары — Фарход Арзиев менен Нуран Ниязалиев видеоконференция аркылуу сүйлөшүп, Жапаровдун коңшу өлкөгө боло турган сапарына даярдык көрүү маселесин талкуулашты.

Мындан тышкары сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өзбекстандын ТИМ башчысы Абдулазиз Камиловдун Кыргызстанга боло турган сапарын уюштуруу жана эки өлкөнүн ортосундагы укуктук базаны инвентаризациялоо тууралуу да сөз болду.

Азырынча кыргыз президентинин Өзбекстанга сапары качан болору айтыла элек. Январдын аягында расмий түрдө президенттик кызматка киришкен Жапаров 24-февралда алгачкы чет өлкөлүк сапары менен Орусияга барды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: