Menu

Улукбек Ормонов, ЖКнын депутаты, “Бир-Бол” фракциясы: «Кийин тактаган соң ошол аймакта жашаган үч үй-бүлөнүн мындан он жыл мурун ссуда, жер алгандыгы белгилүү болду»

Бөлүшүү:

— Улукбек Зулпукарович, сиз Өзгөн районуна караштуу Аюу-Сай айылындагы кырсыкты жеринен барып көрүп келген жаран катары эмнелерди айта аласыз?

— Биз барган күнү эртең мененки саат жети чамасында жер көчкү жүрсө саат экилерде ошол жерде болдук. Биз барганда өкмөттүн областтагы ыйгарымдуу өкүлү, райондун акими, Өзгөчө кырдаалдар министри, анын орун басарлары, көптөгөн жетекчилер ошол жерде экен. Биринчи эле көзгө урунганы элдин ушундай коркуу сезими менен турушканы болду. Эмне болгондугун өздөрү дагы түшүнбөй калышты да. Себеби жер көчүп канча киши көчкүнүн астында калганын тактап жаткан учурунда барыптырбыз. Туугандары алыстагылар билбей, билгендер, көзү менен көрүп жаман абалда турган учурда бардык. Элибизге рахмат, кошуна айылдардан алыстыгына карабай жардамга келишиптир. Аюу-Сай айылынын гана эмес, кошуна Зергер, Ничке-Сай айылдарынан райондон келген адамдарды көрдүм. Ошол учурда жеринен абал менен таанышууга барган Төрагага маалыматты Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги берди. Жеринде болуп жаткан маалыматты уктук. Көчкү болоордун алдында келип көчүңүздөр деп айтылган деген маалыматты беришти. Жергиликтүү элдерден сураганда “ооба, айтып кетишти бирок биз кайда көчөбүз? Чатырлар мына, үй салууга чек дагы турат деген жок”- деген нааразычылыктарын айтышты. Кийин тактаганыбызда Аюу-Сай айылынан 2008-жылдары 3 кишиге ссуда жер берилип, көчүп чыгышыптыр. Бирок кийин балдары келип үйлөр бузулбагандыктан кайра жашап калышыптыр. Көчкү баскан 7 үйдүн үчөөнө так берилгендиги белгилүү болду. Калгандарына мониторинг жүргүзгөндө келип “көчкү жүрүшү мүмкүн, көчүшүңүздөр керек!”- деп үч үйдүн тургундарына оозэки сөздөр айтылыптыр. Кагаз жүзүндө дагы бар деп айтып жатышат. Айтылып аткан сөздөр боюнча ссуда алып көчүп чыгып кеткен адамдардын балдары кайра келип алганда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү “эмнеге келип алдыңар, чыккыла” десе “биз чыкпайбыз”-деп кер-мур айтышканы үч үй-бүлө жөнүндө болуп жатат. Бул абдан чоң кайгы болду. 24 жаран туруктуу тургандар. Андан тышкары башка айылга турмушка чыккан кыз эки баласы менен келип, каза тапкандардын саны 27 деп жатышат. Албетте биринчи күнү бүт өкмөт өкүлдөрү, мүчөлөрү, облусттун жетекчилеринин баардыгы барганы элди колдоо ирээтинде жакшы эле иштер болду. Биз барганда чатырлар тигилип, врачтар жардамга барышыптыр. Бирок ошол жерден “Бизге качан жер бересиңер? Жакыныраак жерден жер берсеңер?”- дегендерге облусттун өкүлү биз карап жатабыз, биз берген жерди аласыңар, силер сурап жаткан суулуу жерден бере албайбыз деген катуу-катуу сөздөрдү айтып жатышты. Биз кайтып келе жатканда атайын Жогорку Кеңештин Төрагасын, өкмөттүн өкүлдөрүн элдер сураган жерден токтотуп көрсөттүм. “Эл ушул жерден жер сурап жатышат. Булардын сурап жаткан жери ушул. Анткени булардын жайыты, турмушу жер менен байланыштуу. Аюу-Сай, Ничке- Сай айылын толугу менен көчүрүш керек. Үлүштөрү дагы ушул жерде болгондуктан алыс көчүп кетсек кантип оокат кылабыз”-деген ой ар бирин курчап турат. Чынын айтканда ошончо адам каза тапкандыгы баардык эле элдин үрөйүн учурду. Мындай көчкү Зергер айыл өкмөтүндө ушуну менен экинчи жолу болуп жатат. 1994-жылдары Тосой айылы 60ка жакын жараны менен кошо жердин астында калып ошондо дагы ал жерди мазар катары калтырууга чечим кабыл алынган. Бүгүн 8 адамдын сөөгү табылды. Калганына дин башкармалыгы, уламалар кеңеши атайын чечим кабыл алып мазар катары калтырууга фатва чыгарыптыр. Көчкүнүн кээ бир жерде бийиктиги 15 метрге чейин жетет экен. Биздин ушундай жаратылыш кырсыктарына даяр эмес экенибизди бул көчкү көрсөтүп койду. Туура, ӨКМдин кызматкерлери өздөрүнүн жумуштарын жасап жатышыптыр. Бирок ал жетишсиз. Өзгөндө беш айыл азыр коркунучта турат. Жалпак-Таш айылында дагы көчкү жүрүп, Кудай жалгап эч ким каза тапкан жок бирок үйлөр жер астында калды. Ал эми Зергер айылында 2 айылды, Ийри-Суу айыл өкмөтүндө адамдын өмүрүн албаган бирок үйлөрдү басып калган. Айылдын эли каттап турган жолун толук тоскон Жаңгакты айылында, Көлдүк жана Чаңгет айыл өкмөтүндө ушундай кырсыктар болду. Областтык деңгээлде атайын комиссия түзүлүп, ошол жерде тынымсыз болуп элге тез арада чек маселесин так чечип көчүрүү жүргүзүш керек.

— Экинчи жолу барганда Камчыбек Ташиев, Элмырза Сатыбалдиев, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Алмамбет Матубраимовдор менен бардыңыздар. Ошондо өкмөттүн өкүлдөрү бар бекен?

— Биз барганда ал жерде областтык жетекчилик дагы болгон эмес. Райондук жетекчилик дагы акимдин деңгээлинде жок экен. Бирок атайын коюлган, райондук жетекчиликтин атынан коюлган кишилерди көрдүк. Биз барганда Жылаалды айыл өкмөтүнүн башчысы райондун атынан ошол жерде жүрүптүр. Андан сырткары райондук оорукананын башчысы жардам көрсөтүп жүрдү. Биз экинчи жолу барганда Россиядан бизге белекке берилген автомобилдүү оорукана дагы барып калыптыр. Экинчи барганыбыздагы мени өкүндүргөнү, башка айылдарга жамгыр жааса, кырсык болгон жерге кар жаады. Биз эл менен жолугушуп баштаганда аябай катуу мөндүр жаады. ӨКМ бөлгөн чатырдан суу өтмө катардан өтүп, шамал ары жагынан чыгып, бери жагынан кирип жатат. Ал жерде түнү жатып уктоо мүмкүн эмес. Бүгүн атайын кат жөнөтүп жатам. Убагында Нурада көчкү жүргөндө мамлекет тарабынан жылуу үйлөр даярдалган эле. Ошондой үйлөр, азыркы кырсыктан жабыркагандарга жылуу чатырлар бөлүнгөн эмес? Эмне азыр жокпу? – деген суроолор болуп жатат. Социалдык тармактагы талкууга түшкөн сөздөр боюнча айта кетсем, жергиликтүү тургундар апаатты көздөрү менен көрүп, кабар алганы барган кишиден эле жардам берсеңиздер, көчүп кетсек деген сөздөрдү айтып жатышат. Андыктан биринчи маалыматты жергиликтүү элдин сөзү менен бергем. Документтүү түрдө текшерип болгонбу дебей элдин сөзүн айтканмын. Кийин тактаган соң ошол аймакта жашаган үч үй-бүлөнүн мындан он жыл мурун ссуда, жер алгандыгы белгилүү болду. ӨКМдин өкүлдөрү атайын көчкүлө деп кагаз бергенбиз деп жатышат. Алар кагаз берип тууганыныкына көч деп жатыштыбы же каалаган жагыңа көч дештиби? Маселе ушунда болуп жатат. Коркунуч болуп жатат, көчүңүздөр деп алар өз милдетин аткарып эскерткендир. Ничке-Сай айылында марттын башында болгон жер көчкүдөн кийин ушундай абалды алдын алуу болбогондугу өкүндүрөт.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: