Menu

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Фырат дипломатиялык миссиясын аяктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Женгиз Фыратты анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Элчиге өлкөдөгү жемиштүү иши, ошондой эле Түркия Өкмөтүнө коронавирус инфекциясына каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда тараптар соода, тоо-кен өндүрүшү, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкка тийиштүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында өтүүчү Кыргыз-Түрк соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңешин жана бизнес-форумду өткөрүү боюнча  маселелерди талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы элчини өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташы менен куттуктап, ишине ийгликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: