Menu

Фото – Мектеп куруп берүүнү суранган Бекболот президент Садыр Жапаров менен жолукту

Бөлүшүү:

Интернет жылдызына айланган Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Жолугушуу учурундагы сүрөттөрдү Бекболот Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, Бекболот жолугушуу учурунда президентке өзүнүн айылына мектеп жана бала бакча куруп берүүнү өтүндү. Президент өз кезегинде баланын каалоосун аткарууга сөз берди.

Буга чейин, 16-февралда Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров жолукмак. Бирок ал обсервацияда болгондуктан онлайн режиминде жолугушуп, андан белек алган. Садыр Жапаров Москвадан келгенден кийин Бекболотко жолугаарын айткан. 27-февралда Садыр Жапаров Бекболотту үйүнөн кабыл алып, чай үстүндө сүйлөшүп олтурушту.

Белгилей кетсек, кичинекей Бекболот Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айылынын тургуну. Ал президентке видео кайрылуу жасап, айылындагы мектеп көгөрүп кеткендиктен үйдө онлайн окуп жатышканын айтып, өлкө башчыдан 2 кабаттуу жаңы мектеп куруп берүүнү суранган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: