Menu

Кыргызстанда парламенттик шайлоо качан болору айтылды

Бөлүшүү:

Күзүндө парламенттик шайлоо болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Казинформ” эл аралык маалымат агенттигине интервью берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын октябрь айында бийлик алмашканынын бир себеби – адилетсиз шайлоо болгон. Ошондуктан быйыл таза шайлоо болот.

“Жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум болот. Биз аны таза өткөрөбүз. Андан кийин күзүндө парламенттик шайлоо болот. Аны да таза өткөрөбүз. Биздин мыйзамдар дагы толугу менен иштеши керек. Мыйзам менден тартып кетмен чапкан дыйканга чейин бирдей болушу керек. Биз бүгүн ошол мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү орнотуп жатабыз. Бирок биз бир жылдын ичинде эле жипке тизгендей кылып алып кетебиз деп айтпайбыз. Анткени 30 жылдан берки чирип калган системаны кайрадан жипке тизгендей алып кетиш үчүн 2-3 жыл убакыт керек. Албетте, кемчиликтер бар. Андай болбой койбойт. Бирок иштебеген адам гана жаңылбайт дейт. Албетте, кемчиликтер болот. Бирок, биз аны дароо ондоп-түздөп кеткенге болгон аракетибизди жумшап атабыз”, – деп билдирди өлкө башчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: