Тажикстанда Башкы прокуратура жана Жогорку соттогу өз булактар 90 килограмм алтын менен 15 млн долларды өлкөдөн мыйзамсыз чыгаруу иши боюнча 9 киши кармалганын, алардын экөө ооган жарандары экенин билдиришти.
Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, кармалгандар былтыр күз айларында Ооганстандан Тажикстандын аймагы аркылуу Бириккен Араб Эмираттарына 1200 килограмм алтын жана 112 млн доллар чыгарып кетишкен. Өз булактар билдиргендей, кармалгандар күнөөлөрүн моюндарына алышкан.
Тажикстандын расмий бийлиги алтын жана валюта аткезчилиги менен шугулдандан топтун жетекчилеринин ысымдарын атаган жок. Башкы прокуратура 9 шектүүгө карата козголгон кылмыш иши Жогорку сотко жөнөтүлгөнүн гана маалымдады. Алар былтыр ноябрда Душанбе эл аралык аэропортунда кармалышкан.
Жогорку соттогу өз булак 1-мартта белгилегендей, алардын экөө – ооган жараны, калгандары тажикстандыктар – бажы, аэропорт жана ИИМ кызматкерлери. Тажикстан Бажы кызматы үч кызматкери каралганын тастыктады.
Бул арада ооган басылмалары Душанбеде алынган 90 килограмм алтын жана 15 млн долларга Ооганстан парламентинин төмөнкү палатасынын спикеринин орун басары Мухаммад Мирзо Катавозанын байланышы бар экенин жазышууда. Аткаминер аткезчиликке тиешеси жок экенин билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ