Menu

Франциянын экс-президенти Саркози үч жылга кесилди

Бөлүшүү:

Францияда сот мурдагы президент Николя Саркозини үч жылга эркинен ажыратты. Ага “Коррупция” жана “Кызмат абалынан аша чабуу” беренелери боюнча айып тагылган.

Париж сотунун токтомуна ылайык, экс-президент жазанын бир жылын абакта, эки жылын шарттуу түрдө өтөшү керек. Эми Саркози чечимдин үстүнөн апелляция берүүгө 10 күндүк убактысы бар.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 66 жаштагы Саркози президент кезинде судья Жильбер Азибергди кызматтан көтөрүү жана Монакодон “ыңгайлуу жай” табууну убада кылып, миллиардер Лилиан Бетанкурдун ишин тергөө боюнча маалымат алууга аракет кылган.

Айыптоо Саркозинин бул ишке катышы боюнча адвокаты Тьерри Эрцог менен телефондон сүйлөшүүсүн далил катары көрсөттү. Экс-президент менен бирге адвокаты Тьерри Эрцог да үч жылга кесилди.

Николя Саркозиге айыпталган сот иштери муну менен аяктабайт. 2012-жылдагы шайлоо кампаниясын каржылоого байланыштуу кийинки сот ушул айга белгиленген. Николя Саркози Францияны 2007-2013-жылдары башкарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: