Menu

Нур-Султанда маянаны жогорулатууну талап кылган жүздөн ашуун кранчы ишин токтотту

Бөлүшүү:

1-мартта Нур-Султанда жүздөн ашуун кранчы айлык акыны жогорулатуу талабы аткарылбаганын айтып, жумушка чыгуудан баш тартты. Жергиликтүү активист Сауле Сейдахметованын маалыматына караганда, шаардагы 300дөй кранчынын жарымынан көбү жумушка келсе да, иштеген эмес.

Нааразылардын бири Жанбота Үсенованын айтымында, өзү менен кошо иштеген дагы беш кранчы жумуш жооптуу жана кооптуу болгондуктан, маянаны 500 миң теңгеге (1200 доллар) көтөрүүнү талап кылууда.

«Азыр бизге саатына 1250 теңгеден төлөшөт, биз аны 2000ге чейин көбөйтүүнү талап кылып жатабыз. Буга кошумча эмгек шартын жакшыртууну сурайбыз», – деди ал.

17-февралда курулуш компанияларында иштеген мунаралуу крандарын машинисттери жумуш шартын жакшыртуу өтүнүчү менен эмгек министрлигине арыз жөнөтүшкөн. Алар айлык акыны жогорулатууну, эмгек келишимин түзүүнү, кранчыларды коргонуу каражаттары жана атайын кийимдер менен камсыздоону, иш күнүгө 8 сааттан жана аптасына 40 саатан ашып кетсе, кошумча акы төлөөнү, аялдар 55, эркектер 60 жаштан пенсияга чыга тургандай кылып мыйзамдарды өзгөртүүнү талап кылышкан.

Нур-Султанда эмгек шартына нааразы кранчылар 12-февралдан бери бийликке талап коюп жатышат. Андан бери бир нече киши жумуштан бошотулганы айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: