Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдиргендей, 1-июнь күнү элчиликтин өкүлү Смоленск облусунун Краснинск районунун Красный айылына барып, өткөн кылымдын кыркынчы жылдарында, экинчи дүйнөлүк согушта каза болгон кыргыз жоокери С.Жамангызовдун мүрзөсүнөн алынган топурак салынган кутучаны Кыргызстанга расмий өткөрүп берүү аземине катышып келди.
Расмий аземге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мектеп окуучулары катышып, С.Жамангызов тууралу архивдик материалдарды жана сүрөттөрдү да өткөрүп беришти.
КР Тышкы иштер министрлиги убада кылгандай, жакынкы күндөрдө өткөн кылымдын кыргыз жоокери С. Жамангызовдун мүрзөсүнөн алынган топурак салынган кутуча, архивдик материалдар жана сүрөттөр анын Кыргызстандагы уулуна өткөрүлүп берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ