Menu

Фото – Жалал-Абад шаарынын тургунунан ири өлчөмдөгү ок-дарылар алынды.

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-январь күнү саат 19:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарынын Чехов көчөсүндө жайгашкан “Айым” соода борборунун алдында, Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи шаарчасынын тургуну 45 жаштагы А.П. коомдук жайда мас абалында жүргөн жеринен Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Мас абалындагы атуулду текшерген учурда “АКС-74” ок атуучу куралына таандык 5,45мм калибриндеги 34 даана ок жана “АКМ” ок атуучу куралына таандык 7,62мм калибриндеги 4 даана октору табылып, калыстардын катышуусунда акт түзүлүп алынган.
Кармалган А.П. аттуу адам Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн, тергөө бөлүмүнө алынып келинип, күбөлөрдүн катышуусунда суракка алынган учурда, шектүү мындан сырткары Жалал-Абад шаарынын аймагында катылган дагы ок-дарылары бар экендигин айткан. А.П.нын сөзү боюнча аталган дарекке Жалал-Абад ОИИБнын ыкчам тергөө тобу барып текшерген учурда, даараткананын ичиндеги өзүнчө бөлмөнүн ичинен 5,45мм калибрдүү “АКС-74” үлгүсүндөгү ок атуучу куралынын 614 даана ал эми 7,62 мм калибрдүү “АКМ” ок атуучу куралынын 11 даана октору, ак капка оролуп турган жеринен алынган. Жалпы 5,45мм калибриндеги 648 даана жана 7,62мм калибриндеги 15 даана ок-дарылары алынган.
Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп,учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: