Menu

Пахта терүү өнөктүгүнө байланыштуу Анжияндагы ири дүң базар жабылды

Бөлүшүү:

Пахта терүү өнөктүгү башталганына байланыштуу Анжияндагы эң ири «Жахон Бозори» деп аталган дүң базар жабылды. «Азаттыктын» өзбек кызматынын маалыматына караганда, облус башчысы аймакта иштеп жаткан бардык базарларды тез арада жабууну тапшырды. Жергиликтүү тургундар мурда пахта терүү маалында мындай көрүнүштөр болбогонун айтышууда.

Анжиян шаарындагы «Жахон бозори» базарынын соодагерлеринин бири билдиргендей, бир канча күндөн бери базар бейшемби жана жекшемби гана күндөрү иштеп жатат. Калган күндөрү анын дарбазалары эртеден кечке жабык турат:

– «Жахон бозори» – бул Анжияндын сыртына курулган эң ири дүң базар. Облустун бардык районундагы ишкерлер азык-түлүк жана өнөр-жай товарларын ушул базардан сатып алышат. Бирок өлкөнү Каримов башкарып турганда дагы базар пахта терүү үчүн бир да жолу жабылган эмес. Азыр болсо соодагерлерге дүкөндөрүн ачууга уруксат берилбей жатат. Сатып алуучулардын бардыгы кайра артка кайтып жатышат. Базар бош турат, – деди ал.

Анжиян шаарындагы «Жахон бозори» дүң базары

Анжиян шаарындагы «Жахон бозори» дүң базары

Жергиликтүү ишкерлердин бири дүйшөмбү күнкү нөшөрлөгөн катуу жамгырдан кийин бийлик адамдарды жапырт түрдө пахта теримге жөнөтө баштаганын айтты:

– Быйыл пахта терүү өнөктүгү өтө катаал жүрүп жатат. Күн сайын кечки 8де башталган чогулуш төрт саатка созулат. Аким облустагы бардык базарларды жабууну тапшырды. Бардык уюмдар менен ишканалар пахта теримге жөнөтүлгөн адамдардын саны боюнча отчет даярдоо менен гана алек болуп жатышат, – деди ал.

Анжиян базарында соода кылган дагы бир шаар тургунунун айтымында, жергиликтүү бийлик ишкерлерди дүкөндөрүн жаап пахта талаасына чыгууга же жумушчуларды жалдоого акча берүүгө мажбурлоодо.

​– Күндүз базарлар таптакыр иштеген жок. Дарбазаларында кулпулар турат. Алар кечке жакын гана ачылып, базар иштей баштайт. Ишкерлер менен соодагерлер түшүм жыйноого же өзүнүн ордуна жумушчу жалдап бериши керек. Бул акимдин буйругу, – деди соодагер.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: