Бүгүн, 12-декабрда Екатеринбург – Бишкек авиа-каттамы аркылуу республиканын саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлердин муктаждыктарына арналган, медициналык буюм түрүндөгү гуманитардык жүк келип түштү.
Маалыматка караганда, бул жардамды КРнын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери, кыргыз диаспораларынын бирикмелеринин лидерлери жана активисттери менен биргеликте чогултушкан.
Каражат чогултуу иш-чарасына Россиянын Свердлов облусунун борборунда жашаган мекендештердин ичинен жеке ишкерлер, медициналык кызматкерлер жана жарандар катышкан. Челябинск облусунун Магнитогорск шаарында жүргөн кыргызтандыктар дагы ѳздѳрүнүн салымын кошушкан.
Чогултулган каражатка медициналык буюмдарды – медициналык кызматкерлер үчүн иштелип чыккан халаттар, респираторлор, кол каптар жана медициналык маскаларды камтыган жеке коргонуу каражаттары сатып алынган. Бардык өнүмдөрдүн тиешелүү сапат сертификаттары бар.
Башкы консулдук Кыргызстандын медициналык мекемелерине үзгүлтүксүз жардам көрсөткөн мекендештерге, ошондой эле жүктү акысыз жеткирген Урал авиакомпаниясына чын дилинен ыраазычылык билдирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ