Россияда белгисиз адамдар социалдык тармактарда кыргыз колдонуучулары арасында кыргызстандыктарды автобус менен өлкөсүнө алып кетебиз деп таратып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Элчилик бул билдирүүлөр чындыкка дал келбейт деп белгилейт. Ошондой эле элчилик Россия менен Казакстандын чек арасы унаа жана темир жол жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жабылгандыгын эскертет.
“Көрсөтүлгөн маалыматтар кыргыз жарандарын автобустар менен Казакстандан Кыргызстанга алып кетиши тууралуу билдирүүлөрдөн алынган”, – деп билдиришти элчиликтен.
Бардык суроолор боюнча элчиликтин Call-борборуна төмөнкү байланыш номерлери боюнча байланышсаңыз болот:
+7 (499) 237 43 01;
+7 (499) 237 44 61;
+7 (925) 387 41 27 (WhatsApp);
+7 (925) 387 45 97 (WhatsApp);
+7 (925) 103 29 11 (WhatsApp).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ