Алмазбек Атамбаев 22-майда Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Гим Мундун чакыруусу менен Биринчи дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышуу үчүн Стамбул шаарына учуп келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш сапардын жүрүшүндө Атамбаевдин башка делегациялардын башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары болот.
Бириккен Улуттар уюмунун эгидасы алдында өтүүчү дүйнөлүк гуманитардык саммит кризистерге даярдыкты камсыз кылуу боюнча эл аралык коомчулуктун мамислесин өзгөртүүчү учур болуп калмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ