Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы 17 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымы боюнча, коронавирустун катталган учурларынын дээрлик 70% айыгып чыкты.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 10 адам;
– Нарын облусунан – 1 адам,
– Баткен облусунан – 4 адам,
– Жалал-Абад облусунда – 2 адам.
Учурда өлкөдө коронавирус илдетинен жалпы 726 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ