Menu

Видео – Жаштар Текебаевди “биз “Ата-Мекенге” добуш бербейбиз, сиз элге эч нерсе жасай алган жоксуз, конституциянын автору катары парламентке жалаң олигархияны алып келдиңиз” деп митингден кууп салышты

Бөлүшүү:

“Сиз ушул кезге чейин элге эч нерсе кыла алган жоксуз, эми бул жерге эл көп келгенин көрүп, чын эле өлкөдө өзгөрүүлөр болушун каалаган элдин келгенин көрүп, сиз бул жыйынга кандайдыр бир тиешеңиз бар кишидей бул жакка жетип келдиңиз”, – деп жарга такашты “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди бүгүн, 29-июнда Бишкекте өткөн сөз эркиндигин колдогон “#РеАкция 3.0” аттуу нааразычылык акциясынын жаш катышуучулары.

“Биринчиден, сиздин бул митингге эч кандай тиешеңиз жок. Экинчиден, сиз Бекназаров сыяктуулар чогулган жерге барышыңыз керек. Сиз элдин алдына чыгып алып “мен тигини жасадым, мен муну жасадым” деп сүйлөгөндү жакшы көрөсүз, бирок сиз эч нерсе жасай алган жоксуз. Бул жерде чын эле элдин акыбалына күйгөн адамдар жыйналышты, сиз ушуну түшүнөсүзбү Өмүрбек Чиркешович? Сиз бул жерден өзүңүздүн шайлоочуларыңызды издебей эле коюңуз, биз сизге добуш бере тургандардан эмеспиз. Биз түшүнөбүз сиз “Ата-Мекен” экениңизди бирок биз сиздин электорат эмеспиз”, – дешти жаштар.

“Макул, мен түшүндүм, силер менин электоратым эмес экенсиңер, мен кетейин”, – деди айласы куруган Текебаев, анан аны ээрчиген коштоочулары менен жылып кетишти.

“Бүгүнкү парламенттеги олигархияны ушул Текебаев алып келген да! Конституциянын автору! Партиялардын баары акча жыйнап калышты. Эми бул биякка эмнеге келди? Жөн эле учурдан прайдаланып калганы келди. Эл бар, митингге биринчи жолу чыгып жаткан жок. Аны угуп эмне кылабыз. Бул популизм!” деп кетип бараткан Текебаевди артынан шылдыңдашты жаштар.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: