Бул тууралуу спикер Дастан Жумабековду ээлеген ордунан кетирүүгө бел байлаганын Исхак Масалиев соцтармактарга жазып чыкты:
“Жаңы жыл алдында коом дагы, ар бир киши дагы жаңыланууну күтөт. Жакшы окуяларды, бакубат жашоону тилек кылат. Жогорку Кеңеш – бул дагы өзүнчө коомчулук, өзүнчө бирикме. Шайлоочу тарабынан партиялардын тизмеси боюнча беш жылга шайланган жарандардын коомчулугу. Биз кантип иштеп жатабыз, арткан үмүттөрдү актап жатабызбы – аны эл чечет. Бирок катуу сындап жатышкандыктары – кашкайган чындык. Көбүнесе, адилеттүү сын. Биз, кесиптештер менен биргеликте чечим кабыл алган тармак бар – ал өз жетекчилерибизди шайлоо же кызматтан алуу. Көпчүлүк учурда өлкөдөгү жогорку мамлекеттик органдын кадыр-баркы жетекчиге көз каранды. Бул биздин төрага”, – деп жазат депутат.
Анын айтымында, азыркы төрага Дастан Жумабеков “бул кызматка даяр болбой туруп келип калган”.
“Ал жаш, үйрөнүп алса болот. Мен фракцияга аны кызматтан чакыртып алуу сунушун киргиздим, азыр талкуу болууда. Мени колдоого алышат деп ойлойм. Биз ушундай кадамга барышыбыз керек”, – дейт парламентарий.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ