Menu

Азия Ньюс: Саясий күлкү

Бөлүшүү:

Качыш кыйын

Бексултан Жакиевден анекдот.

Эки драматург сүйлөшүп отурушат.

— Кырдрамда бир спектакль жүрүп атыптыр, барып көрүп кой, – дейт бири. – Бирок, кетсең экинчи актыдан кийин кет.

— Эмне үчүн экинчи актыдан кийин?

— Биринчи актыдан кийин гардеребдо кезек көп болот.

 Кыжалаттык

Махабат Мавляновадан анекдот.

Күйөөсү менен аялы экөө тең кечинде чарчап отурушат.

— Эртең да сорпо жасашым керек болот, – дейт аялы улутунуп.

— А мен аны ичишим керек болот, – дейт анда күйөөсү үшкүрүп.

 Багы жокко дагы жок

Бейшенбек Бекешовдон анекдот.

Бир киши арман кылып атат дейт.

— Мен эки жолу үйлөндүм, бирок, экөө тең жакшы болбой калды. Биринчисинде аялым мени таштап кетип калды, экинчиси болсо “кет” десем да кетпей койду.

 Себеби бар

Токтогул Какчекеев гезит окуп отурат.

— Уксаң, окумуштуулар изилдеп чыгышыптыр, эркек киши күнүгө 10 миң сөз, аялдар болсо 20 миң сөз сүйлөшөт экен.

— Анын себеби, силерге бир сөздү эки жолудан кайталаш керек, – дейт ашканада тамак бышырып аткан аялы.

— Эмне дейсиң?

 Жылкыңа карап ышкыр

Тимур Саралаев сүйгөн кызына СМС жиберип атат: “Абонент сизден мага турмушка чыгууну суранат”.

Көп өтпөй жооп келет: “Урматтуу абонент! Бул операцияны аткаруу үчүн сиздин эсебиңиздеги каражатыңыз жетишсиз”.

 Жаталак болбо

Ашым Полотовдон анекдот.

Баткендик бир жигит армиядан атасына кат жазып атат дейт: “Ата, армия дегениң жыргал турбайбы! Кечки ондон эртең мененки алтыга чейин уктасаң болот экен”

Анда атасы минтип жооп жазат экен: “Эх, балам, жалкоо болуп кетпесең эле болду”.

 Келечекке камкордук

Депутаттар келээрки жылдын бюджетин талкуулап отурашат.

— Акчаны мындайча бөлөлү: жазаны өтөө мекемелерине 100 млрд. сом, билим берүүгө 10 млрд. сом, – дейт Исхак Пирматов.

— Кое турсаңыз, – дейт Зиядин Жамалдинов, – түрмөлөргө караганда мектептерге көбүрөөк бөлсөк кантет?

— Мындай да, – дейт Тазабек Икрамов, – биз эми мектепке барбайбыз да…

 Тоонун “топоздору”

Нарынга командировкага барып келген Арзыбек Кожошев таң калып атат дейт.

— Нарындын балдары укмуш болушат экен, капырай! Абанын температурасы минус кырк болуп, мектептеги сабактар токтотулганда “ураа!” деп көчөгө жылгаяк тепкени жөнөшөт экен.

 Азыркынын балдары

Өмүрзак Мамаюсупов билимканада балдарга сабак өтүп жатат.

— Эми балдар, мен силерге Пифагордун теоремасын далилдеп берем.

— Убара болбой эле коюңуз агай, – дешет анда балдар хор менен, – биз сизге ишенебиз.

 Куралдын иши курал

Билим берүү жаңылыктарынан.

Мектепте физрук менен кол эмгек мугалими мушташып кетишти. Акырында кол эмгек мугалими жеңди. Себеби, каратэ деген каратэ, балка деген балка…

 Алдей, алдей…

Айчүрөк Иманалиева небересине бешик ырын ырдап атат. Бир саат ырдайт, эки саат ырдайт. Үч саат болгондо бешиктеги небереси минтет экен:

–Чоң апа, ырдап бүттүңбү, эми уктай берсем болобу?

 Жайыл дасторкон

Төлөгөн Сулайманов Кубат Болоткановго телефон чалып атат.

— Эй, Куке, мен сеникине баратам. Шам-шум эте турган бирдекең барбы?

— Быштактан жасалган бутерброд жейсиңби?

— Жебей анан!

— Анда, нан менен быштак ала кел.

 Аялдын интуициясы

Орозбек Нусувалиевдин кеңештеринен.

— Аялың эгер сен мас болуп келсең түшүнүп, кечирет. Бирок, курсагың ток болуп келгенин кечирбейт. Себеп дегенде, “ичкиликти көрүнгөн эле жерден ичип алышы мүмкүн, бирок, тамакты ойношунукунан гана жейт” деп ойлойт.

 Оттуу жылдар

Искендер Гаипкулов жумушка орношуп атат.

— Жашыңыз канчада? – деп сурайт кадрлар бөлүмүндө иштеген келин.

— 50дө.

— Ушу кезге чейин жетишкен эң башкы ийгилигиңиз кайсы болду?

— Бир жолу бир бөтөлкө аракты өзүм жалгыз ичип келгенимде аялым мас экенимди билген эмес.

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: