Бүгүн ,11-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга жетти. Ал эртең менен учуп кеткени боюнча президенттин басма сөз кызматы билдирген. Алардын айтымында, Ашхабад шаарында Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити өтөт. Президент саммитке катышып, кызматташуунун актуалдуу маселелери, Стратегиялык экономикалык кызматташуу декларациясынын долбоору талкууланат. Аны менен катар бир нече эки тараптуу жолугушуулар өтөрү пландалууда.
Эскерте кетсек, СССР урагандан кийин түзүлгөн КМШ уюмуна Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ