Menu

Нурсултан Назарбаев небереси Айсултандын өлүмү тууралуу биринчи жолу үн катты

Бөлүшүү:

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев “Хабар” телеканалындагы “Штрихи к портрету” аттуу даректүү тасмасында небереси Айсултан Назарбаевдин өлүмү тууралуу үн катты.

“Сара Алпысовна экөөбүз 1962-жылы үйлөнгөнбүз. Дарига менен Динара Темиртау шаарында төрөлгөн, ал эми Алия Алматыда туулган. Үч кыздан сонун неберелерим бар – тилекке каршы, мага абдан окшош болгон бир неберебизден айрылдык”, – деди Назарбаев.

“Мен бул неберемдин ушунчалык эрте кеткенине аябай өкүнөм. Аны эч жакка жибербей деле койсок болмок болчу, бирок аны кармап калуу мүмкүн эмес болчу. Ал бул иштин (баңгиликтин) кулу болуп калган, өзүн токтото алган эмес. Биз аны Москвада дарыладык, Лондондо дарыладык”, – деп кошумчалады Назарбаев.

Ошондой эле, ал чөбөрөлөрү менен болгон мамилеси жөнүндө айтып берди. “Алиянын Алдияр деген уулу бар, мен аны аябай жакшы көрөм. Алдиярдын карындашы да төрөлдү. Азыр Дариганын кызы Венера кыз төрөдү. Бул менин чөбөрөм. Мен келгенде Алдияр мойнумдан кучактайт, “эмне алып келдиң” деп сурабайт. Мен анын шоколадды жакшы көрөрүн билем, мен ага бул жакты (чөнтөгүн көрсөтүп – ред.) кара дейм. Ушундай учурларда сен баарын унутасың”, – дейт Назарбаев.

Белгилей кетсек, Айсултан Назарбаев Лондондо 2020-жылы 16-августта көз жумган. Ал 26-августта 30 жашка толмок. Кийинчерээк Дарига Назарбаева уулунун өлүмү боюнча комментарий берип, Айсултандын агасы Нурали Алиев сейрек кездешкен үй-бүлөлүк сүрөттөрдү бөлүшүп, жүрөк козгоорлук видеотасманы жарыялаган.

Ал 2019-жылы октябрда Лондондо полицияга кол салган деген айып менен шарттуу кесилген. Буга анын баңгизат чегип алган абалында полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы себеп болгону кабарланган. Натыйжада Назарбаевдин небереси 140 сааттык коомдук жумушка чегерилип, баңгизат көз карандылыгынан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: