Menu

Фото – Бишкекте “Бензин 312” түнкү клубунун диджейин өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте “Бензин 312” түнкү клубунун диджейин өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айымында, 25-февралда саат 00:40 чамасында Бишкек ШИИБне Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден эркек кишиге ок атылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Свердлов РИИБдин ыкчам тобу барып, эксперт-криминалисттер тарабынан ок маркумдун жүрөк тушуна тийгени аныкталган. Милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн такташты. Ал 1983-жылы туулган С.Д. болуп чыкты.

Маалыматтар боюнча, ал “DJ Casper” деген ысым менен диджей болуп иштечү.

Бул факт КЖБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды, керектүү экспертизалар дайындалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Л.В. кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда ок атуучу куралдар, ок-дарылар, документтери жок ТОЗ-8 куралы, МЦ 2001-915179, пневматикалык тапанча, тапанчанын 3 огу, гильза жана башка буюмдар табылган.

Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: