Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын чек арасында болгон окуяга тынчсыздангандыгы тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, кечээ, 6-ноябрда Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда ал тажик-өзбек чек арасындагы куралдуу топтун кол салуусуна тынчсыздангандыгын билдирип, Тажикстандын каза болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө көңүл айткан. Ошондой эле ал кыргыз тарап мындай актыларды айыптаарын жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу максатында аймактагы өлкөлөрдүн биргелешкен күч-аракеттерине колдоо көрсөтөрүн билдирген.
Эске сала кетсек, 5-ноябрдан 6-ноябрына караган түнү “Султанабад” чек ара отрядынын №4 “Ишкобод” чек арасында кол салуу болгон. Анда бет кап кийген жыйырмага жакын куралчан топ кирип барганда атышуу болуп, бир чек арачы менен милиционер көз жумган. Куралданган кылмыштуу топтун 15 мүчөсү курчоого алынып, ошол жерден жок кылынып, бешөө колго түшүрүлгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ