Menu

Чөөлөргө Тоо Теке болушуп атат

Бөлүшүү:

Көз карансыздыкты алгандандан бери бийлик бир нече жолу алмашса дагы, бийликтин ашмалтайын чыгарган, чөөлөрдөн ажырабай койдук. Кайсы бийлик келбесин, уйгак чөптөй жабышып, элдин канын мите куртай соруп келишет. Момун эл жакырчылык, паракорчулук, теңсиздиктен арылуу үчүн өз жандарын аябай, каардуу бийлик менен кармашып келебиз. Мына эми жеңишке жеттик дегенибиз менен ари да Чөөлөрдөн кутула элекбиз. Күнү бүгүн да президент тегерегине чөөлөрдү жыйнап алып, чогуу элдин канын соруп келе жатышат. Моюнга алышыбыз керек, чөөлөрсүз мамлекет башкара албай калдык, бийликте отургандар, парламенттегилер чөөсүз иш кыла алышпайт, анткени  чөөлөр бат байыгандын жолун көргөзүп жатпайбы. Андан дагы аз калгансып ошо чөөлөрдүн моделине ыкталып, мамлекет мыйзамы дагы чөөлөрдү коргоп келет. Конститутцияны токугандын автору Тоо ТЕКЕ,  Дангыт Парынбаев канча жолу экспермент катары жылына жаны Конститутция ыйгарып турат. Жаны Конститутцияны алганыбыз менен мамлекет өнүкпөй же элге пайдасы тийбей келе жатабыз. Баягы биз көнгөн уурулук, паракорлук күч алып, саясый буйрук менен азоо саясатчыларды камакка алгандан башка көргөн жокбуз. Кем акыл бийликтин алдыда койгон максаты жок экенин убакыт далилдеди, болгону  уурулук күчөдү. Мамлекетте тоталдык түрдө паракорлук орун алып, Ак үй менен Көк үй дебей бюджетти уурдаган комбайынга айланды.  Карапайым элди ойлогон бийлик жок. Өзгөчө сүлүк курттай жабышып, кыргыздын тагдырына ойногондор жайнап баратат. Ошо чөөнүн  бири, кыргыздын тагдырына чоң ролду ойногон Дангыт Парынбаев аялы Тажаалгүл Чүчөкөвна досу Мамлекет Чөөкүчүков көп жылдар бою өлкөнүн каражатын уурдап, байыгандардын бири. Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан акыры кылтакка түшүп калды. Алкымы бузук чөөлөр жылдар бою мамлекеттин акчасын уурдап келген, аягында апетити ачылып чоң сугунам деп кармалып калды.  Оба бул амалдуу чөөлөр сот жообуна тартса дагы кутулуунун амалын жасап, тоодон түшкөн Текеге кеңеш салып, кантсе дагы эски дос эмеспи. бир табактан далай арам тамак жеп, мородёрлук шыгы бар. Карт амалдуу Текени жардамга чакырып, кантип жазадан кутулабыз деп кеңеш салат Тажагүл Чүчөковна.  Жалдырап турган аялдын өңүн көргөндөндө, кантсе дагы кайберен эмеспи, бүткөн бою эзилип, отказ бере албай жардамга макул болот. Кылмыштан кутулуш үчүн, Тоо Теке далай жолу карышкырдын азуусунан кутулган амалдардан бирин ойлоп чыгат, ал чындыкка жакындатыш үчүн биринчи иретинде жарыя салды “акча ак үйгө кирген эмес”  аны уккан токойдун башчысы  “кокуй бул чындык турбайбы” деп, “Дангытты бекер камаптырбыз, чыгаргыла, актагыла конкретный уурулугу бар эле” дейт, ну ничего эмкисин дымын билгизбей алып турат деди.  Кантсе дагы жол баштаган Текени укпаса дагы болбойт.  Анткени, баягы токуган Конститутциясы элге карама-каршы жаратып, уурулар өтө көп болуп кетти, жалгыз өзүм гана уурулукка барышым керек. Анын үстүнө нааразы болгон оппозиция дагы көп болуп баратат, аларды аттырып эле таштабаса ооздорун баспайт. Ошол үчүн амалдуу Чөөнү чыгарбаса болбойт, Теке өкөлөп ишке жарайт, Теке эч жакка кача албайт, анын мородёрлук кылмыш иши менен аркандап койгом, оппозицияга кире качпасын деп, керек болсо Дангыттын жанына отургузуп коём. Антпесе Теке токуган Конститутция кийин такай наразычылык болчу эле. Азыркы кандуу Конститутцияны кабыл алардын алдында алаксытуу иретинде, Ошинстон жана Жалалабадда атайын эки эл чабыштырып, кан суудай агып, ошонун күүсү менен өткөрүп алдык эле. О шордуу эл!!!  Биз кайберендерди, Теке, Чөө, Иттерди эчип жүрө беребизби? Чөөлөр кылмыш кылса, таатал, арамдык амалдарды ойлоп таап кылмыш жообунан кутулуп кете береби? Андай болсо токой башчыны дагы жоопкерчиликке тартыш керек, себеби ошо күч органын түзмө-түз башкарат. Прокуратура, АКС, сот биринчи отурумда Дангыт Парынбаевди далилдеп, кылмышкер деп таанылган адамды кутултканы жатышат. Эгерде мындай пара алып, анан калса бюджетти дагы кемирип. уурдап байыгандарды урматтасак, эмнебиз калат, эмнеге келебиз?  Же уурулардын азабынан жалпыбыз кырылалыкпы? Мындай жоорук жалпы адамдын өмүрүнө таасир берип, көпчүлүк эл жакырчылыктан өлүп жатпайбы. Эсиңерге келгиле, канчалаган жакырлар оорудан арыла албай өлүп жатат, жумуш орун жок акча издеп тентигендер канча, ошо тентигендердин ырыскысын амал менен уурдап алгансыңар, эмнебиз калат. Өмур бою чөөлөр элдин ырыскысын уурдап келгенсиңер. Жанталашып актанга маш болуп, ММК аркылуу актанып жатасынар, бирок эсиңерден чыгарбагыла, силер уурусуңар. Силердей  чөөлөргө сокку бере турган убакыт аз калды, эсиңерден чыгарбагыла. Мамлекет Иткучуков 2005-жылдагыдай ак шапке кийем деп ойлобо. Эсиңе салып койойун, сенин уюштурган ак шапке спортсмендериң жумгалдык жаш жигитти өлтүрүп кеткен. Же дагы Дангыт Парынбаевге болушуп, Ак үйгө көчүгүңөрдү ыктап жатасынарбы, аз калды, жаштар бийликке келет, баарыңарды суракка алган күн келет. Азыр мени коркутпай эле койгула, сотко берем деп, мен силердин парданын ар жагындагы көзөмөлсүз уурулугуңарды таап берем.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: