Menu

Медер Алиев: “Элдин аң-сезими жетилсе, парламенттик системага кайтсак болот”

Бөлүшүү:

Мыкты юрист, конституциялык кеңештин мүчөсү Медер Алиев мурдагы Башмыйзам менен жаңы Башмыйзамдын айырмачылыктарына токтолуп, ошого катар парламенттин орду тууралуу да ой бөлүштү.

— Жаңы Конституциянын мурдагыдан кандай айырмачылыктары жана артыкчылыктары бар?

— Сиздер билгендей, жакында референдум болду. “Кандай башкаруу система керек: парламенттикпи же президенттикпи?” дегенге Кыргызстандын эли өз тандоосун жасады. 80%ы эл бүгүнкү күндө “президенттик башкаруу Кыргызстанга ыңгайлуу” деп добушун берди. Мамлекеттик бийликтин ээси эл. “Воля народов” деп да орусча айтылат. Бүт эле өнүккөн өлкөлөрдө элдин эрки биринчи орунда турат. Демек, эл “президенттик башкарууда жашайбыз” дегенден кийин, биздин Башмыйзамыбыз дагы конституциялык кеңешмеде президенттик системанын негизинде иштелип чыкты. Ошол иштелип чыккан документ Жогорку Кеңешке берилди. Мен ушуну дайыма айтып келем, белгилүү мамлекеттик ишмер Отто фон Бисмарктын кадыр-баркы Батышта да, Россияда да, Кытайда да таанымал. Ошол мыкты ишмер айтып кеткен экен: “Мыйзамдар маанилүү эмес, адамдар маанилүү” деп. Жакшы мыйзамдар болуп, бирок мамлекеттин башында жаман адамдар болсо, анда өнүгүүнү айтып бекер. А бирок жаман мыйзамдар менен мамлекет башында мыкты адамдар болсо, мамлекет өнүгө берет. Бүт маселе келип-келип эле адамдык факторго такалат. Маселен, мен “кайсы Конституция жакшы экен: мурунку парламенттик Конституциябы же азыркы президенттикпи?” дегенге мындайча жооп берет элем: жаман башкаруу системасы болбойт. Парламенттик система дагы жакшы, өзүнүн артыкчылыктары жана тобокелчиликтери бар. Президенттик системанын да артыкчылыктары, тобокелчиликтери бар. Кептин баары коомго өзүнүн учурда жашап жаткан аң-сезимине, каада-салтына, үрп-адатына ылайыкташтырылган кайсы бир башкаруу системасы ыңгайлуу болот. Бир эле башкаруу системасы дайыма дал келе бербейт. Коомдун алдыга жылуу процессине ылайыкташтырылган кайсы бир өнүгүү башкаруу системасы керек болот. Бүгүнкү күндө менин пикиримде президеттик система өзгөчө биз турбуленттик экономикада, союз урагандан кийин эгемендүүлүктүн үзүрүн көрүп, өз алдыбызча кадам таштап, өз киндигибизди өзүбүз кесип жатканыбызга ылайык деп эсептейм. Парламенттик система бизге эртелик кылат. Ал система да жаман эмес, бирок парламенттик система орнош үчүн эң биринчи критерий – бул партиялык системанын болуусу, түптөлгөн партиялардын калыптануусу шарт.

Конституция Европадагы өлкөлөрдө 200-300 жылдап түптөлгөн. Элдин аң-сезимине кирген партиялардын программа, платформалары бар. Тилекке каршы, бизде ошонун баары жок болуп жатпайбы. Ошонун айынан да парламентаризм бизде толук кандуу иштей албай калды. Бирок, бул “парламенттик система жаман” дегендик эмес. Мурда парламенттик жоопкерчиликти парламент алса, эми баарына президент керт башы менен жооп бере тургандай болду. Жалпылап айтканда, бул эң алгачкы айырмачылык.

— Жаңы түзүлүп аткан системада “парламент алсыз” деген пикирлерге кошуласызбы?

— Мен буга макул эмесмин. Парламент мурдагы Конституцияда кандай болсо, азыр деле ошол бойдон калды. Болгону, өкмөттү президент түптөйт, президент жооп берет. Ал эми парламент күчтүү бойдон эле калды. Чек ара маселелерин чечет. Эл аралык келишимдерди, конвенцияларды ратифакция кылат. Сот системасын түптөгөндө парламент түздөн-түз катышат. Соттун судьяларын, башкы прокурорду бекитип жатканда сөзсүз түрдө макулдугун берет. Президентке импичмент жарыялаганга процедура коюлду. Мындай процедура мурунку КМШ өлкөлөрүндө таптакыр жок. Андыктан менин жеке пикирим, кандай гана система болбосун, парламент үч бийлик бутагынын бири катары сөзсүз түрдө күчтүү болуш керек. Кол тийбестиги болушу шарт. Сөзсүз кадыр-барктуу, абройлуу болуусу керек. Ал эми парламентке шайланган адамдар ошол өздөрүнүн функцияларын толук кандуу колдонгонго аң-сезими, дарамети жете турган профессионал саясатчылар болушу зарыл. Тилекке каршы, бизге парламентке жапайы капитализмде 1990-жылдары талап-тоноп, мыйзамсыз байыгандар, союздан калган мал-мүлктү менчиктештирип алгандар, алардын уул-кыздары депутат болуп келишти. Алар мыкты саясатчы боло алышабы? Албетте, жок. Элдин мүдөөсүн жүзөгө ашыра алышпайт. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргошпойт. Алар сөзсүз түрдө өздөрүнүн жеке бизнесин, жеке чөнтөгүн биринчи орунга коюшат.

Ушул кабыл алынып жаткан Конституция эч убакта догма болбошу керек. “Өмүр бою кыргыз эли ушуну менен жашайт” дегенден алысмын. Эгерде жакынкы келечекте элдин аң-сезими өзгөрүп, “жаңы Конституция кабыл алабыз” десе, анда элдин эрки менен жаңы Конституция кабыл алынышы мүмкүн. Жакынкы 5-10-15 жыл аралыгында элдин аң-сезими парламенттик системага жете тургандай калыпка келип, партиялык институттар өнүгүп калса, “кайра парламенттик системага өтөбүз” десе, анда да элдин эрки каралат. Мен конституциялык кеңештин мүчөсү катары “абсолюттук түрдө ушул Конституция кыямат кайымга чейин болуш керек” деген ойдон алысмын. Мамлекеттик бийликтин ээси эл. Эл кандай кааласа, ошондой болушу керек да…

Маектешкен: Жамиля Нурманбетова
Булак: “Азия Ньюс” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: