Бүгүн, 11-мартта КР Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйынында кечээ, 10-мартта экинчи окууда каралган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары) 3-окууда каралды.
Натыйжада жыйынга катышып жаткан 100 депутаттын 94 депутаты “макул”, 6 депутат “каршы” деп добуш берүү менен мыйзам экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алынды.
“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) 11-апрелде өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ