Menu

Анжиянда президенттин сапарынын алдында шашылыш түрдө дубалдар сырдалып, жолдор оңдолууда

Бөлүшүү:

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев бир нече маалеге күтүүсүз баргандан кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз аймактарындагы маалелерди оңдой башташты.

Анжиян облусундагы шаарлар менен айылдарда президенттин ыктымал сапарынын алдында шашылыш түрдө жолдор оңдолуп, дубалдар сырдалууда. Облус башчысынын буйругу менен бул иштерге бюджеттик кызматкерлер тартылып, каражат мамлекеттик мекемелер менен банктардан алынууда.

Айрым маалыматтарга караганда, Мирзиёев Анжиян облусуна боло турган сапарынын алкагында Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Азырынча президенттин бул аймакка сапары качан болору расмий кабарлана элек.

Акыркы кездери Шавкат Мирзиёев бир нече жолу облустардагы маалелерге күтүүсүз барып, конуштардын абалын сынга алган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: