ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Ош областында “Г.Б.Б.,” аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Mersedes-Benz 312” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен. Бул туралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы юилдирди.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 57750 шт. тоок жумурткасы табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 548625 сомду түзөт.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ