Menu

УКМК: Талас областынан котрабандалык күйүүчү-майлоочу каражатар кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ,  11-мартта КР УКМК ККК кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Талас областынан күйүүчү-майлоочу каражатарды мыйзамсыз ташуу фактысы боюнча оор жүк ташуучу (бензовоз) унаасы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, коштомо документтерге ылайык, ички күйүүчү кыймылдаткычтарга арналган жеңил көмүртектердин аралашмасы түрүндөгү күйүүчү май компонентиндеги жүк, Чүй облусундагы жеке ишкерге таандык болгон. Бирок, көрсөтүлгөн күйүүчү май ташуучу унаа өлкөнүн түштүк аймактарын көздөй бара жатып, тагыраагы Бишкек-Ош авто унаа жолунундагы Чычкан капчыгайынан (234-км) кармалган. Кармалган жүктүн жалпы көлөмү 30 тоннадан ашык болгон.

Учурда, тиешелүү экспертизаларды дайындоо менен иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын УКМК республика боюнча контрабандага каршы жигердүү күрөшүүдө. Аныкталган фактылар жана мыйзам бузуулар боюнча УКМК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрмөкчү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: