Сокулук районунда мал уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү Т.М. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 7-мартына караган түнү белгисиз бирөө үйүнүн жанындагы сарайда байланып турган атын уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББдүн жана Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Чүй облусунун жашоочусу 19 жаштагы Г.С. кармалган. Териштирүү учурунда шектүү жаран уурдалган атты базарга сатып жибергени маалым болгон.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ