Бүгүн, 21-октябрда экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Каржы полициясына суракка келди.
Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, суракка кайсы иш боюнча чакырылганы жөнүндө түшүнүгү жок экенин билдирди.
“Кечээ мага чакыруу кагазы келди, мени күбө катары чакырышты. Эми тергөөчү эмне деп айтарын көрөбүз. Мен эч кандай мыйзам бузган жокмун”, – деп түшүндүрдү ал.
Белгилей кетсек, буга чейин мурдагы өкмөт башчы коронавирус пандемиясы учурунда Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирүү боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына күбө катары чакырылганы айтылган.
Өлкөгө гуманитардык жардам жеткирүү ишине мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин дагы тиешеси бар. Ал Бишкектеги СИЗО-1ге 2 айга камакка алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ