Menu

Тажик дин кызматчысы Саид Гозинин жаза мөөнөтү 18 жылга кыскартылды

Бөлүшүү:

Белгилүү тажик дин кызматчысы Саид Киёмиддин Гозинин жаза мөөнөтү 18 жылга кыскартылды. Бул тууралуу Тажикстандын Жогорку сотунан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, тиешелүү чечимди кабыл алууда Жогорку соттун кылмыш иштери боюнча Соттук коллегиясы анын чындап өкүнгөнүн жана оор кылмыштардын бетин ачууга жардам бергендигин эске алды.

Саид Киёмиддин Гози былтыр улут, раса жана дин аралык кастыкты козутууга, мекенге чыккынчылык кылууга жана конституциялык түзүлүштү кулатуу чакырыктарына байланыштуу айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылган.

Гози жаза мөөнөтүн өтөп жаткан абактын башчысы Баходур Исмоилов азырынча аларга Жогорку соттон расмий каза келе электигин билдирди. Анын айтымында, учурда соттолгон дин кызматчысынын саламаттыгы жок.

Киёмиддин Гозиев же Эшон Саид Киёмиддини Гози 90-жылдары белгилүү дин кызматчысы болгон. Ал 1992-жылы коммунисттик режимдин каршылаштары чогулган «Шахидон» аянтында сүйлөп, ошол эле күнү «элдик генерал» деген расмий эмес наамга ээ болгон. Тажикстанда жарандык согуш башталгандан кийин Саид Киёмиддин Гози Ооганстанга өтүп, анда Бирдиктүү тажик оппозициясы менен кызматташкан. Согуш бүткөндөн кийин мекенине кайтып, Улуттук жарашуу комиссияларынын бирине мүчө болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: