Menu

Тажикстанда бензин кымбат жана жетишсиз болууда

Бөлүшүү:

Душанбеде марттын башында 7 сомони 20 дирам турган бензин учурда 8 сомони 80 дирамдан, Тажикстандын айрым аймактарында 9 сомониден (($0,79) сатылууда.

«Эркин Европа» радиосу кабарлагандай, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин тартыш болууда. Айрым май куюучу жайларда бир автоунаага 20 литерден көп сатылган жок.

Тажикстандын Монополияга каршы агенттиги Казакстан күйүүчү майдын экспортун кыскартканын, буга байланыштуу өлкөдө кымбатчылык өкүм сүрүп жатканын билдирди.

Расмий маалыматка караганда, соңку үч ай аралыгында бензинден тышкары дизель 23%, суюлтулган газ 13% кымбаттаган.

Бул арада казак басылмалары Атырау шаарындагы суюлтулган газ өндүрүүчү завод капиталдык ремонттон улам убактылуу ишин токтотконун жазышты. Тажикстан суюлтулган газ менен күйүүчү майлардын 90% Казакстандан сатып алат.

Ушул тапта өлкөгө Орусиядан бензин жеткирилүүдө.

Тажикстанда күйүүчү-майлоочу майларды сатууга бир нече компания, анын ичинде «Газпронефть Тажикстан» көзөмөлдүк кылат. Мурда бул тизмеге президенттин күйөө баласына таандык «Фароз» компаниясы да кирчү. Кийинчерээк ал жабылып калган, бирок аны менен байланышы бар юридикалык жактар ишин улантып жатканы айтылып келет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: