Menu

Анжиянда кесиптешин беткапсыз жүргөнү үчүн чаап жиберген башкы дарыгер иштен алынды

Бөлүшүү:

Анжиян облусуна караштуу Шахрихан райондук ооруканасынын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу лаборантты чаап жибергени үчүн кызматынан алынды.

Окуя 8-мартта райондук ооруканада болгон жана соцтармактарда кызуу талкууланууда.

Видеокөзөмөл камераларынан алынган тасмаларда башкы дарыгердин милдетин аткаруучу Рустам Убайдуллаев рентген-кабинетинин лаборанты Султонмурод Абдунабиевди чаап жибергенин көрүүгө болот.

Бул кызматка бир ай мурун дайындалган 34 жаштагы Рустам Убайдуллаев лаборантты жумушта беткабы жок жүргөнү үчүн бет талаштыра муштап жибергенин мойнуна алды.

– Мен бүтүндөй оорукана үчүн жооп берем. Оорукананын ар бир бөлүмүндө бейтаптар менен түз байланыш болот. Ал күнү төрт үй-бүлө мүчөлөрү күйүк менен кайрылышкан. Мен кабылдамада баткапсыз турган фельдшер-лаборантты көрүп, «Беткабың кана?» деп сурадым. Ал: «Жок» деп жооп берди. Мен ага: «Анда бул жерден чыгып кет!» дедим. Ал каяша кылып, өзүнө сылык мамиле жасоону талап кылды. Мен ага: «Бул жерден чыгып кет, экинчи сени беткапсыз көрбөйүн» деп кайталадым. Андан кийин ага орой мамиле жасадым, бул чын.

Анжиян облустук саламаттык сактоо башкармалыгы башкы дарыгердин аракети туура эмес болгонун жана ал башка ишке которуларын кабарлады.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: