Menu

Тажикстандын Жогорку соту Кулябдын мурдагы мэрине карата чыккан өкүмдү күчүндө калтырды

Бөлүшүү:

Тажикстандын Жогорку соту Куляб шаарынын мурдагы мэри Бахром Иноятзодага карата буга чейинки сот өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу 15-мартта Хатлон облустук прокуратурасынын төрага орун басары Ражабали Имомзода билдирди.

«17-февралда Жогорку соттун коллегиясы соттолгон Бахром Иноятзоданын кассациялык арызын канаттандыруудан баш тартып, Хатлон облустук сотунун чечимин күчүндө калтырды», — деди прокурордун орун басары.

Иноятзода былтыр ноябрда Хатлон облустук сотунун чечими менен 12 жылга соттолгон. Экс-мэр Кылмыш кодексинин алты беренеси, анын ичинде кызмат абалын кыянат пайдалануу, пара алуу, бөтөн мүлккө ээлик кылуу жана жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча күнөөлүү деп табылган.

Бахром Иноятзода соттогу акыркы сөзүндө: «Мамлекеттик кызматын аткарып, мамлекеттик объектилерди салып, Кулябды өнүктүрүп жана курган адамды 12 жылга соттоо туурабы? Мен өзүмө үй салып алсам бир жөн. Акча кымырып алсам, бир жөн. Тажикстанда адилеттүү сот жок», – деген.

Бахром Иноятзода кезинде өлкө түндүгүндөгү Истаравшан шаарын башкарып, тажик парламентинин жогорку палатасынын мүчөсү болгон. 2019-жылы майда Куляб шаарына мэр болуп дайындалып, былтыр 8-июлда кармалгандан кийин кызматтан алынган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: