Menu

Карагандыда жумуш берүүчү шахтачылардын талабын аткармай болду

Бөлүшүү:

Караганды облусундагы «Киров» шахтасынын 45 жумушчусу иш берүүчүсү эсептелген «Altyn Komir Service» компаниясы менен медиативдик келишим түздү. Буга чейин шахтачылар пенсиялык жана милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздары үчүн компанияны сотко беришкен.

Макулдашууга ылайык, иш берүүчү сотко кайрылган жумушчулардан тышкары жалпы 400 киши иштеген эмгек жамааттын алдындагы милдеттенмелерин толук аткармай болду.

3-ноябрдагы отурумда тараптар соттон жумушчулар менен иш берүүчүнүн ортосундагы түзүлгөн медиативдик келишимди бекитүүнү өтүнүштү. «Altyn Komir Service» компаниясынын өкүлү келишимди колдоп, жалпы эмгек жамааттын алдында макулдашууда жазылган милдеттенмелердин баарын аткарууга даяр экенин билдирди.

Сот тараптардын жүйөлөрүн уккандан кийин соттук өндүрүштү токтотуп, алар медиативдик келишим түзгөнүн эскертип, бул иш боюнча кайрадан сотко кайрылууга болбой турганын белгиледи. Ошол эле маалда жумуш берүүчү макулдашуудагы милдеттенмелерин аткарбаса, мажбурлап аткартуу тууралуу чечим чыгарыларын кошумчалады.

Жумушчулар «Altyn Komir Service» компаниясы алардын атына узак убакыт бою пенсиялык фондго жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна акча которбой жүргөнү белгилүү болгондон кийин сотко кайрылышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: