Menu

Түндүк Корея лидеринин карындашы Жо Байдендин администрациясына «кеңеш» берди

Бөлүшүү:

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын таасирдүү карындашы Ким Е Чен АКШнын Түштүк Кореядагы биргелешкен аскердик машыгууларын улантышына байланыштуу президент Жо Байденге «кеңеш» берди.

Түндүк Кореянын басылмалары Ким Е Чендин билдирүүсүн АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен баштаган америкалык делегациянын Сеулга боло турган сапарына бир күн калганда жарыялашты.

«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жаңы америкалык администрацияга океандын ары жагынан биздин жерге ок-дарынын жытын жайылтуусу боюнча кеңеш берем. Эгер ал жакынкы төрт жылдын ичинде тынч уктагысы келсе, мындай кадамдардан баш тартканы туура болот», — деп жазылган Ким Е Чендин «Нодон Синмун» гезитине жарыяланган билдирүүсүндө.

Буга чейин АКШнын өкмөтү бир нече жумадан бери Пхеньян менен дипломатиялык байланыш түзүүгө аракет кылып жатканын билдирген.

Жо Байден президенттик өнөктүктүн жүрүшүндө Ким Чен Ынды «бандит» деп атап, Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу иштери башталмайынча, АКШ менен БУУнун Пхеньянга каршы киргизген санкциялары жумшартылбай турганын белгилеген. АКШ президенти администрациясынын Түндүк Кореяга карата кийинки кадамдары менен апрелде тааныштырат деп күтүлүүдө.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: