Мамлекеттик бажы кызматынын отставкадагы кызматкери Акулуев Абдылдабек Кемелович каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
“Мамлекеттик бажы кызматынын өздүк курамы ардактуу эс алуудагы бажы кызматкери Акулуев Абдылдабек Кемелович мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөөсүнө жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торколуу болсун!”, – деп айтылат билдирүүдө.
Акулуев Абдылдабек Кемелович бажы органдарында 1992-2015-жылдар аралыгында иштеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ