Menu

Бишкек ШИИБнин башчысы маркум Айзада Канатбекованын жакындарынан кечирим сурады

Бөлүшүү:

Бишкек ШИИБнин башчысы Бакыт Матмусаев маркум Айзада Канатбекованын туугандарынан кечирим сурайт. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-апрелде маалымат жыйынында билдирди.

“Каргашалуу өлүм ар бирибиздин жүрөгүбүздө ачуу ызы-чуу менен коштолуп жатат. Биз убагында кызды таба алган жокпуз. Мындан улам туугандарынан кечирим сурайбыз”, – деди Бишкек ШИИБнин башчысы.

Ал белгилегендей, милиция кызматкерлери кызды издөөнү токтотушкан жок. Шектүүлөрдүн, алардын туугандарынын жана досторунун бардык даректери аныкталган.

“Жеке адам, офицер жана кыздардын атасы катары  мен кармоо учурунда курал колдонмокмун, бирок мыйзамдар буга жол бербейт. Күнөөлүүлөрдүн бардыгы жазаланат”, – деди Матмусаев.

Белгилей кетсек, 5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайып каза болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: