Аксы РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери район аймагындагы мектептерде окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында лекцияларды өтүшүп, окуучулардын кызыктырган суроолоруна жоопторду беришти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Мектептердин жогорку класстарынын кыздары арасында “Кыздардын ден соолугу кылымдын ден соолугу” темасында семинар-тренинг өткөрүлдү. Ошондой эле «COVID-19», «Вакцинация», «Зордук-зомбулук», «Чоңоюп бойго жетебиз» деген темаларда жыйындарды уюштурушуп, бир топ маалыматтар берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ