Menu

COVID-19: Алматыда кайрадан толук карантин киргизилиши мүмкүн

Бөлүшүү:

Казакстанда күн өткөн сайын коронавирус жуктургандар көбөйүп, карантиндик чектөөлөр күчөтүлүүдө.

Өлкөнүн ири шаары эсептелген Алматыда майрамдык иш-чараларга тыюу салынып, соода үйлөрү менен ресторандар жабылууда. Аймактардын жашоочуларына Алматы жана Нур-Султан шаарларына келбей туруу кеңеши берилди.

Алматынын санитардык бийлиги шаарда вирус жуктургандар көбөйө берсе, былтыр жазындагыдай карантин киргизилип, калаа толук жабылышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы жумаларда коронавирус жуктургандардын көбөйүшүн 8-март майрамы менен байланыштырууда. Мекеме өкүлдөрүнүн айтымында, өлкө тургундары бул майрамды коопсуздук нормаларын эстен чыгарып, чоң шаан-шөкөт менен белгилешкен. 8-марттан кийин өлкөдө вирус жуктургандар кескин көбөйгөн: акыркы бир жуманын ичинде эле Алматыда күн сайын 400дөн кем эмес кишиден вирус аныкталууда.

«Азыр ооруканалардагы орундар жетиштүү, бүгүнкү күндө алардын 50% бош. Эгер суткасына 500дөн ашык бейтап ооруканага жаткырыла баштаса, толук карантин киргизүү маселесин карайбыз», — деди Алматынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин.

Ал коронавирустун жаңы штаммдарынан улам акыркы кездери мектепке чейинки курактагы балдардын арасында вирус жуктургандар жана абалы оор бейтаптар көбөйгөнүн кошумчалады.

«Коронавирустун мутацияланган штаммы пайда болду деп шектенип жатабыз, аны дагы аныктоо керек. Жарандардын көбү Алматы аркылуу учуп, Европа, Орусия жана АКШ менен тыгыз байланышта болуп жаткандыктан, биз дал ушул өлкөлөрдө аныкталган штаммдар боюнча иштерди жүргүзөбүз», — деди Бекшин.

Ал ортодо Алматыдагы ресторан иштеткен ишкерлер киргизилген чектөөлөр алардын гана эмес, 200 миңден ашык кызматкердин да капчыктарына чоң сокку болорун билдиришүүдө.

«Майрамдарга карата сатып алган азык-түлүктөр ресторандарда үйүлүп турат. Биз майрам болот, адамдар көп келип, жайкы кафелерди да ачабыз деп ойлогонбуз. Азыр ишкерлер чоң чыгашаларга учурабашы үчүн жок дегенде кафедеги азык-түлүктөрдү сатууга жардам сурап жатабыз», – деди Казакстандын рестораторлор клубунун ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Катибаева

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: