Бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Коомдук теле-радиоберүү корпорациясынын айдоочулары иш ташташты. Бул маалыматты аты аталган мекеменин жетекчисинин кабылдамасынан тастыкташты.
Маалымат боюнча, айдоочулар: “КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков айдоочулар профсоюзунун жетекчиси Эрик Абакировду акыйкатсыз кызматтан алды” деп, ошол чечимге нааразычылык акциясы катары иш таштоого барышкан. Айдоочулардын нааразычылык акциясы эртең мененки саат 8:00дөн тарта башталгандыктан, корпорациядагы иш үзгүлтүккө учуроодо.
Эскерте кетсек, КТРКда жалпы 48 айдоочу эмгектенет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ