Menu

Өзбекстанда жарым жылаңач кыздардын сүмөлөк жасап жатканы тартылган видео боюнча тергөө башталды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Үргөнч шаардык ички иштер башкармалыгы жарым жалаңач бир нече кыздын сүмөлөк жасап жатканы тартылган видео боюнча тергөө иштерин баштады.

Видео социалдык түйүндөргө 21-мартта жарыяланган.

Маалыматтарга караганда, видеодогу жарым жылаңач кыздар «Сахара» түнкү клубунун бийчилери. 22-мартта алардын баары жергиликтүү ички иштер бөлүмүнө суракка чакырылган.

Интернетке жарыяланган 25 секунддук видеодо сегиз аял сүмөлөк жасап жатканын, алардын бешөө ич кийимчен турганын көрүүгө болот.

«Эркин Европа» радиосунун өзбек кызматынын маалыматына караганда, видео 20-мартта Үргөнч шаарындагы «Сахара» түнкү клубунда тартылган.

Тасма социалдык түйүнгө жарыялангандан кийин колдонуучулар бул көрүнүштү кескин сындап, айрымдары кыздарды жазалоо керектигин айтып чыгышкан. Алардын арасында кыздарды коргоп, «кандай кийинсе өздөрүнүн иши» дегендер да болгон.

22-мартта Хорезм облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча тергөө иши башталганын кабарлады.

«Сүмөлөктү башка аялдар жасаган. Бийлердин ортосундагы тыныгууда кыздар сыртка чыгып, сүмөлөк жасалып жаткан жерде сүрөткө түшүшкөн. Көп өтпөй ал жерде тартылган видео интернетке чыгып кеткен», — деп билдирди мекеме өкүлү.

Анын айтымында, түнкү клубдун бийчилерине «Майда бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар беш базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (1 базалык эсептик көрсөткүч 245 миң сумге же 23 АКШ долларына барабар) айып пул төлөп же 15 суткага административдик камакка алынышы мүмкүн.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: