Menu

Өкмөт үйүнүн алдында “ТЭЦ-2” конушунун тургундарынын митинги өтүп жатат

Бөлүшүү:

Өкмөт үйүнүн алдында ушу тапта жүздөн ашуун адам чогулуп турат. Алар өзүлөрүн Бишкектин четиндеги “ТЭЦ-2” конушунун тургундары экенин, курулган үйлөрүн мыйзамдаштыруу маселеси 15-16-жылдан бери чечилбей жатканын айтууда.

Митингчилер колуна “”ТЭЦ-2” конушун мыйзамдаштырып бериңиз”, “Мыйзамдуу мамлекетте жашагыбыз келет”, “”ТЭЦ-2” конушунда 6000ден ашуун карапайым эл жашайбыз” деген жазууларды кармап турушат жана президент Садыр Жапаровго кайрылган ураандарды айтып жатышат.

Акцияга чыккандардын айтымында, азырынча аларга бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыга элек.

Бишкектин четинде элүү чакты жаңы конуш бар. Алардын көпчүлүгүнүн инфраструктуралык маселеси чечилген эмес жана курулган үйлөрдүн документи жок.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: