Баткен облусунда жумушсуз аялдарга ишкердигин өнүктүрүү үчүн грант берилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Баткен шаарында 20 аял инсандык өнүгүү, бизнести пландаштыруу боюнча окутууга катышкан.
Алар кулинария, тигүүчүлүк, өз ишмердүүлүгүн социалдык тармактар аркылуу алдыга жылдыруу, товарды же кызматты жарнамалоо, айыл чарба продукцияларын чакан күнөсканаларда өндүрүү, аймакта өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын рыноктун талабына ылайык кургатууну, бизнес план түзүүнү үйрөнүшкөн.
Окутуулардын жыйынтыгы менен бизнес план түзгөн 8 аял, 400 долларлык грантка ээ болушту. Өз бизнесин түптөөнү максат кылган кыз келиндерге, ишмердүүлүгүнө зарыл болгон жабдуулар ыйгарылды.
Бул саамалык “Диалог, ишеним, укук” Коомдук Бирикмесинин “Баткен шаарында үй бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу” долбоорунун алкагында ишке ашты.
Белгилей кетсек долбоордун алкагында аялдар зомбулукка кабылган жарандарга алгачкы психологиялык жардам көрсөтүү, стресстен өзүн алып чыгуу боюнча да окутуулардан өтүшкөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ